Өлкөдө болуп жаткан окуялар бир сүрөттө
- 4 года мурун
- Баяндар
Белгилүү иллюстратор-сүрөтчү Татьяна Зеленская өзүнүн Facebook баракчасында Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларды чагылдырган сүрөтүн жарыялаган.
Ал өзү төмөндөгүдөй сөздөр менен жарыялаган:
“Баары жаман. Матраимовдор, феминнале, смог… Эми сотко бериптир, жаңылыктарды окууга болбой калды, алы-күчүм жок. Айткылачы, бул жактан кетип калбаш үчүн кандай себептерди айтууга болот шайтан баскырдыкы?”
Бир аз убакыт өткөндөн кийин анын иллюстарциясын көпчүлүк бөлүшө баштады:
Татьяна Зеленская кантип бул сүрөттү тартуу идеясы келип калганын айтып берди:
“Бул сүрөттү тартып жатып атайын бул көйгөйлөрдү чагылдырууну ойлонгон деле эмесмин. Болгону үйгө келгенден кийин акыркы кабарларды окуп, анын үстүнө температура болуп ооруп чыдабай кеттим. Анан фотошопту ачып 15-20 мүнөттө ушул иллюстрация пайда болду”,- дейт сүрөтчү.
Анын айтымында, көпчүлүк иллюстрациялары социалдык көйгөйлөрдү чагылдырат. Сүрөтчү көбүнчө аялдарга болгон зордук-зомбулук маселелерин чагылдырган сүрөттөрдү, кыска видеолорду жасап келет. Коррупция менен зордук-зомбулук тыгыз байланышта болгондуктан унчукпай кое албаганын айтты.