“Апрель” телеканалын эфирге чыгарууга кайра тыюу салынды

  • 4 года мурун

Аскер прокуратурасы “Санарип технологиясы” ЖЧКсынын “Апрель” телеканалын эфирге чыгарууга уруксат берүүсүнө тыюу салды.

Бул тууралуу “Апрель” телеканалы билдирди.

Аскер прокуратурасы “Санарип технологиясы” ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевдин наамына бүгүн, 26-ноябрда, бул туурасында кат жолдогон.

Аскер прокуратурасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Апрель ТВ”нын “Санарип технологиясы” ЖЧКсында үлүшү камакка алынганын эскертти.

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун пикиринде, “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложников “Санарип технологиясы” ЖЧКсында укугу жана кандайдыр полномочиеси жок, анын ичинде “Апрель” телеканалын көрсөтүүгө акысы жок” деп билдирген.

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү “Санарип технологиясы” ЖЧКсынын учредителдеринин “Апрель” телеканалын обого чыгаруу жыйынын мыйзамсыз деп тапты.

Буга чейин “Санарип технологиясы” жоопкерчилиги чектелген коому “Апрель” телеканалын эфирге чыгарууга уруксат берген.

“Санарип технологиясы” телеберүүнүн жеке оператору. Анын курамында 21 каналдын 21 катышуучусу бар. Анын ичинде “Апрель” телеканалы да бар болчу. .

Телеканалдын бүгүн, 26-ноябрда, эфирге чыгууга даярдык көрүп жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты