Кыргызстанда беш жыл ичинде терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун саны үч эсеге өстү

Баяндар

Эксперттер мындай айып менен соттолгондорду дерадикалдаштырууда жаңы ыкмалар керектигин айтат, бирок бул үчүн каражат дагы, адистер дагы жетишпейт.

Бул макаланын түп нускасы CABAR.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.


Чүй облусундагы №27 түзөтүү колония. Photo: CABAR.asia

Эмки жылы күчөтүлгөн режимдеги колониядан чыга турган 28 жаштагы Азамат (аты өзгөртүлдү) үйлөнүп, териден сувенирлерди жасоону кыялданат. Кол өнөрчүлүктүн жаңы түрүн ал үч жарым жылда Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында үйрөндү.

2014-жылы Сириядагы согушкерлерди даярдоо лагерине түшүп калары менен ок тийген. Ал Түркиянын ооруканаларынын биринен камакка алынган. Жергиликтүү түрмөдө 10 ай жаткандан кийин, Кыргызстанга экстрадиция кылышкан. Бишкекке жакын жайгашкан Воронцовканын бул тургуну ошентип согуштук аракеттерге катышпай калган.

Кыргызстанда ал “Жалданган согушкер” беренеси боюнча 5 жылга эркинен ажыратылган.

“Мен Сирияга диний сабатсыздыгымдын айынан барып калдым. Курулушта бир бала менен чогуу иштеп калдым эле, ал чыныгы мусулман катары мен диним үчүн курал кармап күрөшүүм керектигине ынандырды. Түркияга авиабилет сатып берип, колума жолго деп 300 доллар берди”, - дейт Азамат.

Анын Сирияга барып келгенин уккандан кийин Бишкектеги мечиттердин бириндеги имам таанышы диний адабияттарды алып келип чынында ислам эмнеге чакырарын жана жихад деген эмне экенин түшүндүрүп берген.

“Камерада үч кишибиз, чогуу турганыбызга жарым жыл болду. Диний темаларда сүйлөшпөгөнгө аракет кылабыз, анткени көз караштарыбыз ар башка. Эгер сүйлөшө турган болуп калсак, сөзсүз чатак чыгат. Кайсы бир учурда мен өзүмдү ИГИЛдин (КРда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө экстремисстик жана террористтик уюм деп табылып, тыюу салынган уюм) мүчөсүмүн деп эсептечүмүн. Имамга рахмат, түшүнгөнгө жардам берди”, - дейт Азамат.

Радикалдашуу процессин артка кайтаруу

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, беш жыл ичинде терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун саны үч эсеге өстү. Азыркы тапта мындай айып менен соттолгон 600 адам жазасын өтөп жатат. Алардын жарымынан көбү өмүр бою соттолгондор.

2003-жылдан бери дин таануучулар жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери (КМДБ) Жаза аткаруу кызматы, Ички иштер министрлиги (ИИМ), жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен келишимдин негизинде бир айда бир же эки жолу эркинен ажыратылгандарга барып турушат. Бул жолугушуулар демейде колониядагылардын баары үчүн ислам жана анын тынчтыкка чакырган идеялары менен чектелет.

Эстебес Ажыкулов. Photo: CABAR.asia

“Мурда биз экстремисттер менен дагы жолукчубуз, ал убакта баары чогуу болчу, азыр эки жылдан бери №27 жана Беловодскидеги колонияларга кире албай калдык, анткени, экстремисттерге өзүнчө имарат курушкан”, - дейт эркинен ажыратылгандар менен Мусулмандардын дин башкармалыгынын атынан катышып жүргөн Эстебес Ажыкулов.

Ал Ислам университетинде 17 жылдан бери сабак берет жана ушунча убакыттан бери түрмөлөргө дагы барып келет. Анын айтымында, башында камалгандар менен тил табышуу кыйын, бирок убакыт өткөндөн кийин алар өздөрү келип туруусун суранат.

“Жүздөн бир, же экөө гана калыптанып калган диний көз караштарын өзгөртүүдөн караманча баш тартышы мүмкүн. Бул убакытта түрмөдөн чыгып жакшы жашап жаткан көп адамдарды билем. Түрмөдөн чыгып экстремист болуп кеткен бир дагы адамды билбеймин”, - дейт Ажыкулов.

Бул боюнча эксперттердин маалыматтары башкача. Теолог Кадыр Маликовдун айтымында, социалдык жактан бөлүнүп, кодуланышы жана алардын коомго аралашып кетиши боюнча системалуу иштердин жасалбаганынын айынан кайра экстремисттик топторго кошулуп кетүү тобокелдиги жогору.

Кадыр Маликов. Сүрөт жеке архивинен.

“Камалгандарды реабилитациялоо камактарда гана жүрүп токтоп калбашы керек. Бул иштер алар эркиндикке чыккандан кийин дагы жүрүшү зарыл. Болбосо ал реабилитациялоо программасынан өткөндөн кийин эркиндикке чыгып, бир аз жүрөт, анан коомдон өз ордун таппагандан кийин кайра мурдагы пикирлештерине кошулуп кетиши мүмкүн. Мисалы, коңшулаш Казакстанда теолог менен иш алып баргандан кийин жалпы сандын 20%ы гана мурдагы көз караштарынан кайтат”, - дейт Маликов.

Дин башкармалыктын өкүлдөрүнүн түрмөлөргө барышы атайын контингентти дерадикалдаштыруу кырдаалына эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептейт теолог. Диний экстремизм менен камалгандар муфтияттын кызматкерлерине азыркы бийликтин өкүлдөрү катары карап, ишеним артышпайт. Террористтик топтордун мүчөлөрү аларды ишенимин саткандар катары баалашып, алар менен жолугушууну дагы каалашпайт.

Билал ажы Сайпиев – бул жылы Мусулмандар дин башкармалыгы түрмөлөрдү кыдырууга бекиткен 18 имамдан турган топтун жетекчиси. Ал камалгандарга уюштурулган ар бир жолугушуудан пайда болот, жыл сайын айта берсе дубалды дагы тешип өтүүгө мүмкүн деп эсептейт.

“Динде мажбурлоо деген жок. Дин эркиндиги тууралуу мыйзам бар, ким эмнеге ишенип жатканы бир Кудайга маалым. Аны өзгөртүү өтө кыйын иш. Биз жөн гана сүйлөп кетебиз, ал биздин көз карашыбыз менен макулбу же макул эмеспи белгисиз. Мажбурлоого болбойт, жөн гана анын көз карашындагы шектүү учурларды айтып коюу керек, өзү андан ары ойлоно тургандай кылып”, - дейт Билал ажы Сайпиев.

Индира Асланова. Photo: 24.kg

Дин таануучу Индира Асланова дагы азыр камалгандардын баарына бирдей эле ыкма колдонулуп жатканын айтат. Экстремисттер менен террористтердин ортосунда айырма бар, аларды бирдей карабаш керек. Экстремисттер халифат курууну каалагандар, алар диний постулаттар менен социалдык турмушту оңдосо болот деп эсептешет, бирок алар зордукчул ыкмаларды колдонушпайт.

“Террористтер болсо өз максатына жетүү үчүн зомбулукту колдонушат, алар адамдарды жашоого укуктуулар жана укугу жоктор деп бөлүшөт. Бул таптакыр башка идеология. Экстремисттик топторду алар оозу менен орок оргондор, философтор деп эсептеп, аларга олуттуу карашпайт. Ошондуктан, аларды бөлүп караш керек, аларды өз ичинен дагы категорияларга бөлүү зарыл. Мисалы, “Хизб ут- Тахрир” (КРда тыюу салынган экстремисттик уюм – Ред.) жана “Йакын Инкар” (КРда тыюу салынган экстремисттик уюм – Ред.) экөө тең экстремисттик уюм болуп эсептелингени менен ортосундагы айырма чоң”, - дейт Асланова.

Алардын коопсуздугун ойлоп бөлүп кармашат

Бул беренелер менен соттолгондорго бир жыл ичинде бешке чейинки узак мөөнөттүү жолугушуу – үч күнгө чейин, 10 кыска мөөнөттүк жолугушуу – 4 саатка чейин жана сегиз телефондук сүйлөшүү – 15 минутка чейин – уруксат. Камалгандар отурган камераларынан бир аз чоңураак өлчөмдөгү короо деп аталган жерге 2 саатка сейилге чыга алышат. Диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорго сырткы дүйнө менен байланыш үчүн коюлган чек ушундай.

Аларды колониянын башка контингенттеринен бөлүп, камералык типтеги атайын корпустарда кармашат. Аларды тоталдык түрдө бөлүп, өзүнчө кармоо чечими 2015-жылы экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тогуз адам №50 убактылуу кармоочу жайынан качып, төрт түрмө кызматкерин өлтүрүп кеткен окуядан кийин кабыл алынган. Эми мындай адамдарды Чүй облусунун төрт мекемесинде эле кармай турган болуп калышкан.

30 жаштагы Жалал-Абаддын тургуну Артур (аты өзгөртүлдү) ИГИЛ уюмунун (КРда тыюу салынган уюм – Ред.) согушкерлерине демөөрчүлүк кылган деп 2015-жылы айып тагылган. Анын айтымында, ал Египетте окуп жаткан инисинин окуусуна акча салып турчу, камалгандан кийин бир тууганы Сирияга согушка кеткенин билген.

“Мен Түркияда бир канча ай иштеп, үйгө кайтканда Ош аэропортунан кармашты. Сен өзүң согушкерсиң дешти. Бирок менде иштеп жүргөнүм тууралуу, Сирияга бир дагы жолу барбаганым тууралуу далилдерим бар болчу. Далилдей алышпаса дагы, террористтерге жардам кылып тургансың деп соттошту. Иним мындай идеяларга илешип аларын кайдан билдим, мен анын билим алуусуна жардам бергенмин. Мени сен ошол террористтер менен шериксиң деп айыптап 10 жылга эркимден ажыратышты”, - дейт Артур.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин айтымында, экстремисттик идеяларды жайылтат деген коркунучтан сырткары, камалгандардын өз коопсуздугунан улам дагы бөлүп кармашат. Криминалдык дүйнө мындайларды аябаарын айтат кызматкерлер.

№27 колониянын аймагындагы мечит. Photo: CABAR.asia

Соттолгондордун саны өсүүдө

Диний маселелерде сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү максатында бул мекемеде штатка эки теолог кабыл алынган. Эксперттер мекемеге экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондордун тилин түшүнүү үчүн ушундай адистерди алуу керектигин мындан бир канча мурда айтышкан. Алардын жумушуна камалгандар менен иштөө үчүн усулдарды иштеп чыгуу кирет, бирок азырынча ал иштелип чыга элек.

Соттолгондор менен иштөө үчүн системадан сырткары дагы адистер тартылышы керек, болбосо мекемедеги теологдор автоматтык түрдө алардын душманына айланат деп белгилейт Асланова.

“Жакшы даярдыктан өткөн теологдор керек. Диний маселелерден сырткары (бул өзү эле өтө чоң чөйрө) адис экстремисттик топтордун тарыхын дагы – кантип, ким тарабынан, эмне үчүн пайда болгон тарыхын дагы билиш керек. Соттолгондордун психологиясын, алар менен сүйлөшүүнү, жакшы билиш керек, коопсуздук маселелерин жакшы билиши шарт, анткени баары бир жабык мекеме да”, - дейт дин таануучу.

Асланова дагы, теолог Кадыр Маликов дагы Кыргызстанда азырынча андай адистер жок экенин айтат. Аларды ким, кантип даярдашы керектиги дагы белгисиз.


Диний экстремизмге жана терроризмге соттолгондор колониянын өзгөчө корпустарында кармалышат. Photo: CABAR.asia

Кыргызстанда тыюу салынган радикалдык топтордун тизмесинде 20 чакты уюм бар. Бирок алиге чейин күч ведомстволорунун, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын бул багыттагы ишин көзөмөлгө жооптуу бир дагы орган жок. Эксперттер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын потенциалын бардык деңгээлде – мечиттерден тартып, өлкөнүн ар бир районунда пайдаланууну сунушташат.

“Бул жакшы болмок. Участкалык милиция имамга кабар берип коет, имам болсо ал адамды күтүп турат. Элге жарыялабай эле акырын аны менен иштейт, колдойт. Бирок, имамдар ошого даярбы? Алар жогорку билими бар, светтик маселелерди түшүнгөн, пикир алышуунун психологиясын билген жана жогорку маяналуу болушу керек. Бирок азыр аларда эч кандай айлыгы жок. Ажылыктан чогулган акчадан кандайдыр бир кичине бөлүгү төлөнөт экен, ал дагы туруктуу эмес. Мындай шартта ким иштегиси келет?”, - дейт теолог Кадыр Маликов.

Имам Билал ажы Сайпиевдин айтымында, дин кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен бул багытта тыгыз иш алып барууга даяр, бирок Жаза аткаруу кызматы анча кызыкдар болбой жатат.

Эксперттердин айтымында, социалдык тармактардагы постторго билбестиктен улам “лайк” басып койгондордун, жаман ою жок туруп ошол топторго тиешелүү китептерди алып окуп койгону үчүн, кимдир бирөөгө акча берип турса, кийин ал адам согуш болуп жаткан аймакка барып калган учурдан улам айыпка тартылып жаткандардын жазасын жеңилдетүү маселелери чечиле элек.

Дерадикализация аракеттерин мына ушулардан башташ керек болчу да, себеби алардын көпчүлүгү тобокелдүү топко кошулган да эмес.

Ушул жылдын жазында Акыйкатчы аппараты Кылмыш кодекси менен Жоруктар тууралуу кодекске бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

Ал өзгөртүүлөрдүн ичинде эч кандай жаман ою жок туруп кылмышка аралашып калган мындай учурларды кылмыш категориясынан чыгарып, административдик мыйзам бузуу катары кароо жана жөн гана айыпка жыгуу каралган. Ошол эле ишти кайталап жасаганда гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бул документ Акыйкатчынын жылдык отчету каралып жаткан учурда парламенттин талкуусуна чыгаруу пландалууда. Так датасы азырынча белгисиз, бирок мыйзам боюнча Акыйкатчы 2020-жылдын 1-апрелине чейин отчет тапшырышы керек.

Болот Исаев

Жаңылыктар