Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу келди

  • 5 лет мурун

17-августта саат 22:28де кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда — Бишкек багыты боюнча келип конду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, алгачкы каттам менен 400 ажы келген. Алар ажылык амалдарын толук аткарып бүтүп, Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан «Манас» эл аралык аэропортуна учкан.

«Ажыларды тосуп алуу саамалыгына муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев жана ажылардын жакын туугандары катышты», — деп айтылат маалыматта.

17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда —Бишкек, Жидда — Ош жана Медина — Ош багыттары боюнча кайтып келет. Жалпысынан 18 каттам уюштурулат.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты