​Атамбаевдин тарапташтары эмне үчүн сурак берип жатат?

  • 5 лет мурун

Атамбаевдин тарапташтары журналист же саястчы болгону үчүн эмес, окуяга баа бериш үчүн суралып жатканын Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов басма сөз жыйынында билдирди.

-Айтикеев, Мамытова, Ложников, Жолдубаева, Карамушкина, Кодуранова 7-8 –августтагы Кой-Таштагы окуяны көрүштү. Иштин тергелиши үчүн буларды сурайбыз. Алар журналист же саясатчы болгону үчүн эмес, көз карашы же сыны үчүн эмес, окуяны тактап, юридикалык баа бериш үчүн суралууда, -деди баш прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече оор кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты