​Жумаканов: «Солтон-Сарыда мал мите дарттарынан кырылган»

  • 5 лет мурун

Солтон-Сарыда малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите дарттарынан кырылган.

Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов билдирди.

Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите дарттарынын, топурактын жана суунун анализи жасалган.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын — алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш» деди Калыс Жумаканов.

Ал кошумчалагандай, экспертиза Jhong ji Mining кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөттү, адамдардын жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталган эмес.

Социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки кырылып жатканы тартылган сүрөт, видеолор тараган.

15-июлда Нарын облустук администрациянын алдына чогулгандар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компания сууну булгап, мал өлүп жатат деп нааразы болуп чыгышкан.

Нааразы болгондор “Jhong ji Mining” аттуу кытайлык компаниянын ишинин токтотулушун талап кылышкан.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты