Сооронбай Жээнбеков эртең Тажикстанга барат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 26-июлда, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапар менен барат

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сыдыков мамлекеттер башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын белгиледи.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарыларын кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты