​Атамбаев бүгүн кайтып келет. Москвада Путин менен жолукту (Видео)

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын мурдагы Президенти Алмазбек Атамбаев Москвадан бүгүн кайтып келет.

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Москвада жолукту. Бул тууралуу kremlin.ru сайты жазды.

Жолугушуудан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк.

Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү» деп Путин Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин белгиледи.

Орус президенти кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин кошумчалады.

24-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп кеткен. Атамбаев чет өлкөдө «жогорку деңгээлдеги жолугушууларга» бара турганын ишара кылып, бирок максатын так айткан эмес.

Бул сапар Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыраган бир нече кылмыштарга шектелип, тергөөнүн күбө катары чакырыктарынан баш тарткан учурга туш келип отурат.

Атамбаев бир нече жолу Россиядагы жакын санаалаштарынын чакыруусун азыр кабыл алууга туура келгенин, кайра 25-июлда өлкөгө кайтып келерин айткан.

Атамбаевдин Канттагы аскерий базага чейин таң эрте Кой-Таштагы үйүнө чогулган тарапташтары автоколонна менен коштоп барышты.

Тергөөгө күбө катары чакырылып, үч жолу баруудан баш тарткан мурдагы президентти мындай массалык узатууну расмий бийлик органдары да, укук коргоо органдары да чектеп же текшерген жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты