Бийчи Фарух Садыркулов: «Мындан ары көбүрөөк аракет кыла баштайм»

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

DANCEMOSСOW эл аралык сынагында биринчи жолу биринчи орунду ээлеген Фарух Садыркуловду белгилүү сынактагы жеңиши менен куттуктап, премьер-министрдин атынан ага 50 миң сом тапшырды.

«Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу мындай деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды.

Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу эл аралык мейкиндикте ийгиликке жетише турган башка жаштарыбыз үчүн үлгү жана дем болот» деди вице-премьер.

«Эми мындан дагы көбүрөөк аракет кыла баштайм. Балам, сынактарга катыш, өзүңө ишен, ийгиликтерге жетиш, деп атам көп айтат» деди Фарух Садыркулов.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты