​ЕККУ Казакстанда жарандардын укуктары бузулганын билдирди

  • 5 лет мурун

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары 10-июнда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында добуш берүүдө жарандардыннегизги укуктары” бузулганын билдиришти.

9-июнда көчөлөрдө демонстрациянын катышуучулары, анын ичинде журналисттер кармалды. Муну менен алар (бийлик) эркин чогулуу жана эркин оюн билдирүү боюнча жарандардын укуктарын бузду, — деди ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын жетекчиси Маргарета Кинер Неллен.

Аталган уюмдун байкоочуларынын кыска мөөнөттүү миссиясынын башчысы Георгий Церетели Казакстандагы шайлоо күнү кармоо өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн экенин эскертти:

— Чоң шаарларда өткөн тынч митингдери тартип коргоо органдары тарабынан таркатылып, жыйынтыгында көптөгөн адамдар кармалды. Мындай окуялар бийликтин аброюна шек келтирип, өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн, -деди ал.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалган. Полиция 500 киши кармалганын ырастап, алардын көбү тартип коргоочуларга баш ийбей, аларды көздөй таш ыргытышканын жүйө келтирди.

Экзит-поллдун сурамжылоолорунун жыйынтыгында 9-июнда өткөн шайлоодо бийликтин талапкери, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.

БШКнын болжолдуу маалыматтары боюнча Касым-Жомарт Токаев 70,65 пайыз добушка ээ болду. Бул 6 млн 504 мин 54 добуш болуп эсептелет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты