ЖК депутаттары аларга келген каттарды калемпир орогонго тапшырышабы?

  • 5 лет мурун

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке келип катталып, депутат Төрөбай Зулпукаровго жиберилген катка калемпир оролгон сүрөт жүрөт.

Бул кат КР Транспорт министрлигинен Жогорку Кеңешке келгенин, ЖКнын каттар бөлүмүнө келип түшүп ал депутатка жиберилгенин фирмалык бланкадан, мөөрдөн билүүгө болот.

ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы Азамат Мамасалиевдин айтымында, депутат Транспорт министрлигине кайрылган. “Сүрөттөгү кат депутаттын КР Транспорт министрлигине жазган катынын жообу экен. Бирок, депутат бул жоопту алган эмес жана ал кандайча базарга чыгып кеткенин билбейт” дейт депутаттын жардамчысы.

Ал эми ЖКнын каттар бөлүмүнөн азырынча жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты