Премьер-министр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок

Жаңылыктар

Бүгүн, 28-майда, Жогорку Кеңеш комитетинде айыл чарба министрлик кызматына талапкер талкуулоодо Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок.

Премьер-министр кадрлардын жаштыгына басым жасай бербеш керек экенин билдирди.

--Тилек Токтогазиев жаңыча ой жүгүрткөн жаш ишкер. Күнөскана бизнесин аркалайт. Бирок, менимче, жаштыгына жана билимине карабастан, тажрыйба да керек, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштады. Чодуев айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп иштейт.

24-майда жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүн-өзү айыл чарба министрлик кызматына сунуштаган.

29 жаштагы Токтогазиев өзүнө команда түзүп жатканын, инвестиция тартып келерин билдирген.

"Бир бол" фракциясы Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин Премьер-министрге сунуштаган.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз арызына байланыштуу кызматтан бошотулган.



ЖаңылыктарТилек ТоктогазиевЭркинбек ЧодуевМухаммедкалый Абылгазиев