​Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Идрис Кадыркуловдун отставкага кетишинин себеби кийинки кезде коомчулукта паспорт чыры боюнча байма-бай айтылып жаткан жана ага Кадыркуловдун катыштыгы тууралуу ойдон чыгарылган нерселерди жокко чыгаруу жана тергөө ишине кийлигишпөө максатында экенин УКМК билдирди.

“Мамлекеттик коопсуздук комитети Каттоо кызматынын жогорку кызматтагы адамдары өз кызматынан кыянат, мыйзамсыз пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөгөнү боюнча бир канча жолу пресс-релиз даярдалган. Ошого карабастан коомчулукта ал маселе курч талкууда болуп жатат

Ушул абалды эске алып, анын ичинде коомчулуктун курч талкуусун, ошондой эле тергөөгө УКМК төрагасы кийлигиши мүмкүн деген божомолдорду четке кагуу үчүн Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагалыгынан отставкага кетүү боюнча Президентке- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысына арыз жазды” деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова Идрис Кадыркуловду бул маселеде күнөөлөп чыккан.

Буга УКМК Алина Шаикованын айткандарына жооп берген.

Паспорт бланктары боюнча тендерге байланыштуу Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-секретарь Данияр Бакчиев, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев кармалган. Руслан Сарыбаев менен Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон деп айыптаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты