​“Коопсуз шаар”: Бишкекте дагы 19 видео камера ишке киришет

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабындагы акыркы 19 видеокамера 12-майда орнотулуп бүттү. Болжол менен 14-майда алар ишке киргизилгени жатат.

Бул тууралуу Маалылматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында алар эксплуатацияга берилет.

Ал камералар борбор шаардын төмөнкү көчө кесилишинде орнотулду.

1. Элебесов — Аул
2. Дэн Сяопин – Барпы Алыкулов
3. Дэн Сяопин – Садыгалиева
4. Бөкөнбаев — Жаш Гвардия
5. Фучик – АЗС
6. Сүйөркулов – Байтик Баатыр
7. Чүй — Шопоков
8. Сүйөркүлов — Юнусалиев
9. Ч.Айтматов — Ахунбаев
10. Жибек Жолу — Лермонтов
11. Ауэзов- Чүй
12. ЛевТолстой – Жаш Гвардия
13. Лев Толстой — Бакаев
14. Барпы Алыкулов — М.Өмүракунов
15. Ахунбаев – Тыналиев
16. Ч.Айтматов — А.Масалиев
17. М.Горький — Ч.Айтматов
18. А.Токомбаев — 7-Апрель
19. Ч.Айтматов – Семетей

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда ишке киргизилген.

Долбоордун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекс орнотулган.Анын ичинен Бишкекте-42, Чүй облусунун авто жолдорунда 48 жана 20 көчмө комплекс.

“Коопсуз шаар” долбоорун “Вега” радиокурулуш концерни ишке ашырууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты