“Коопсуз шаар”долбооруна Бишкек даяр

Эртең, 12-февралда, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилет. Бишкек шаарынын мэриясы “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына даярданып бүткөнүн кабарлады.

Борбор шаардын мэриясынын маалыматына ылайык, он жол кесилишиндеги инфраструктуранын талапка ылайык болушу үчүн бардык кызматтар иштеди.

“Бишкек жашыл чарба” ишканасы светофорду, жол белгилерин жаап калган бактардын самсаалаган бутактарынын баарын кыйып, иретке келтирди.

ИИМдин Атайын монтаждоо-эксплуатациялык башкармасы шаардык бюджет эсебинен эски светофорлорду заманбап светофор менен алмаштырды.

“Бишкек жарык” тышкы жарыкты талапка ылайык келтирди.

“Тазалык” ишканасы айлана-тегеректи тазалады.

Шаардык мэрия фото жана видеофиксация коюлган жерлерде “Контроль”-“Көзөмөл” атайын жол белгилери коюлганын билдирет.

Камералар күнү-түнү иштейт.

“Коопсуз шаар” долбоору эртең, 12-февралда, ишке киргизилет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты