​Жол дептерден: Индияга сапар (Биринчи бөлүк)

Блог

Буга чейин дагы чет өлкөгө чыкканды өтө жакшы көрөрүмдү жазып келгем. Узак жолго чоң учактарда учуу, чоң-чоң аэропорттордо каттамдарды күтүү, ал жерлердеги “дьюти-фрилердин жана кофелердин жыттары, айтор, мага ушунун баары жагат.

Бул жолу мен кинолорунан гана тааныш болгон Индияга сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, аттанып калдык.

Бара турган өлкөбүз “Борбордук Азия-Индия” диалогун ачып, ошонун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баарынан төрттөн журналистти чакырган экен.

Бул сапардын алдынан бизди адегенде Кыргызстандагы Индиянын элчиси Алок Амитабх Димри үйүнө кечки тамактанууга чакырды.

Ал жерде сапарга аттанып аткан журналисттерден сырткары Индия өлкөсүн өзү үчүн ачып, маданиятын сиңирген, бул өлкө менен алака кылып жүргөн кыргыз жарандарын кошо чакырышыптыр.

Алардын катарында, атактуу дизайнер Дилбар Ашимбаева баштаган кол өнөрчүлөр, соода палатасынын өкүлдөрү жана башкалар бар.

Бул жолугушуунун алдын-ала уюшулганы жакшы болуптур, буга чейин Индияга барып келген инсандар бизге өз кеңештерин берип, маалыматтары менен бөлүшкөнү бизге пайдалуу болду. Индия ашканасынын тамактары менен дагы биринчи жолу ушул кечки тамактанууда тааныштык.


3 сааттык жолдун ордуна 12 жарым саат учуп...

Электрондук билетибизди алганда бир сыйра аң-таң болдум. Анткени, Бишкектен 2000 чакырымга жетпеген алыстыкта жайгашкан Делиге Москва шаары аркылуу учарыбызды ошол билеттен билдик.

Бизден түз каттам болгондо 3 саат гана учмак экенбиз, биз болсо 4 жарым саат Москвага учуп, андан ары Москва-Дели аралыгын 8 саатта учуп өттүк.

Бизден түз каттам буга чейин болгон экен, бирок Индия менен Пакистандын ортодогу келишпестиктеринен улам, Пакистан аба майданын бул өлкө үчүн жаап коюптур.

Айланып учуу авиакомпаниялар үчүн пайдалуу болбогон үчүн каттамдар токтоп калганын билдик. Кийин баргандан кийин биздин каттам эң эле ыңгайлуу каттам болгонун билсек болобу.

Анткени, башка кошуна өлкөлөрдүн журналисттери адегенде Дубайга, Дубайдан Москвага, Москвадан Делиге учуп барышыптыр.

“Алтын карточка” утуп алгандай...

Ошентип таңга маал 5.30да Делиге жеттик. Эми жаз келип аткан Бишкектен барган адамга таңга маалдагы абанын температурасы эле кыйла ыссык сезилди.

+30 градус целсияга жакын экен. Таңкы ыссык ушунча болсо, түшкүсү канча болот дедик дароо.

Аэропортко кирип алып бир саат багажыбызды күтүп отурдук. Мына ошол жерден башталды “концерт”.

Багажыбыз келбей калыптыр. Буга чейин “Аэрофлот” авиакомпаниясынын шалаакы мамилесин көп эле жолу угуп жүргөн болсом, бул жолу өзүм туш болуп отурдум.

“Эртеңки каттам менен келет, даректерди жазып кете бергиле” дешти аэропорттон. Сыртка чыксак “KYRGYZSTAN” деп жазып алып Индиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп туруптур.

Төрт журналистти эки машине менен. Шаарга жөнөгөндө эле транспорттор жолдун сол тарабынан кетери бизге кызык болду.

Ысык аба айдаган Делини аралап, “Taj Palace” деген беш жылдыздуу мейманканага келип түштүк.

Өзүбүздү тим эле “Орел и Решка” берүүсүндөгү “алтын карточка” утуп алгандай сезип. Баса, ушул мейманканага мурунку Президент Алмазбек Атамбаев Индияга болгон сапары учурунда токтогон экен.

Мейманканага кире бериштен эле биз Индия фильмдеринен көрүп жүргөн чекитти бешенебизге сүртүп киргизишти.


Сыйлуу коногуна ушундай сүртүлөрүн айтышты. Номерлерге жайгашып эс алдык. Бирок, ал күнү дагы багажыбыз келген жок.

Тадж-Махал – өзүн актаган “коррупция”

Индияга келгенден кийин дүйнөнүн кереметтеринин бири болуп саналган Тадж-Махал мавзолей-мечитин көрбөй кетүү жарабас.

Биздин программабыз боюнча дагы биринчи күн Делиден 300 чакырымдай алыста жайгашкан Агра шаарындагы Тадж-Махал комплексине саякаттан башталды.

Комплекске жакын калганда эле автобустарды токтотуп, электр менен иштеген чакан автобустар менен баруу керек экен.

Бөтөлкөдөгү суудан башка нерсе алып кирүүгө тыюу салыныптыр.

Төбөдөн 40 градустан ашык ысык уруп турган учурда 10400 чарчы метр аянтта жайгашкан комплексти биз баш кийими жок, Кыргызстандан барган калың, кара түстөгү кийимдерибиз менен кыдырууга туура келди.

Жаныбызга алып алган сууларыбыз бат эле ысып калды. Айла жок, ошол акыбал менен кыдырып чыктык. Бирок Тадж-Махалды көрүп чыгуу ошондой кыйынчылыкка татырлык таасирлер эле.

Тадж-Махалды Бабуриддердин Империясынын падышасы Шах-Джахан он төртүнчү баласын төрөп жаткан учурда көз жумган жубайы Мумтаз-Махалдын урматына курган экен.

Бул комплекстин ичинде Мумтаз Махалдын жана кийинчерээк Шах-Джахандын өзүнүн дагы сөөгү жанаша коюлган.

Мавзолей 1632-жылы курулуп баштап, 1653-жылдары аяктаптыр. Архитектуранын негизин апакай мраморлор түзөт.

Андан башка дагы ар кандай баалуу таштар, курулуш материалдары Индиянын бардык аймактарынан, Азия өлкөлөрүнөн пилдер менен ташылып келинген экен.

20 миңдей курулушчу тартылган бул мурас таңга маал апакай көрүнсө, күн тийип турганда саргыч болуп, түндөсү күмүш түстө болуп кубулуп турат.

Ошол кездеги император колундагы бар бийлигин, байлыгын, кызмат абалынан пайдаланып аялы жана өзү үчүн ушундай комплексти курганын, албетте, азыркы тил менен коррупция катары бааламакпыз.

Бирок, өзүн-өзү актаган “коррупция” дегенимдин себеби, азыркы учурда күн сайын мына ушул комплексти көрүүгө дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан 5-10 миңге чейин туристтер келип көрүн кетишет экен. Бул сөзсүз түрдө мамлекеттин казынасына оңой эмес акчаларды алып келип турарын айтышты.

Уландысы бар.

Дилбар Алимова

БлогИндияга сапарИндияЖол дептерДилбар Алимова