Наристени таенеси токмоктогону айтылууда

  • 5 лет мурун

Акыйкатчы Токон Мамытов сабалган эки жашар кыз боюнча ишти Жалал-Абад боюнча өкүлүнө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Бул тууралуу Акыйкатчы басма сөз кызматы кабарлады.

“Тез жардам” менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө эки жашар кыз 7- майда жеткирилген.

Наристенин башы шишип, денесинин ылдый жактары көк ала болуп турган.

Бул факт Сузак райондук ИИБинде “кокустук” катары катталган.

Бирок Акыйкатчы институту аны үй-бүлөлүк зомбулук катары каттоо керек экенин белгилейт.

Ошондой эле кыздын туугандарын ага жолотпоо керектигин билдирди.

Кыздын таятасы менен таенеси бир жума мурда жыгылганда дарты козголду деп “Тез жардам” чакырышканын айткан.

Акыйкатчы өкүлчүлүгү видеоматериалда таенеси кызды «шымыңна сийбе» деп бир-эки жолу уруп жана чымчыганы тууралуу айтканынан эле зомбулук деп айтууга болот дейт. Бул боюнча облустук прокуратурага кат жолдонду.

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Кыял Токтобаева ооруканадагы кыз менен байланышып турат.

Кыздын апасы эки кичине кызын өз атасы менен өгөй апасына калтырып, Москвага иштеп кеткен.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты