​1993-жылы беш күн сом менен рубль бирдей колдонулган

  • 5 лет мурун

Бугүн, 10-майда, улуттук валюта — сомдун жүгүртүүгө чыгарылышына 26 жыл толот.

Улуттук банк билдиргендей, Кыргыз Республикасынын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болгон улуттук валюта сом 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган.

Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген.

1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон.

Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз түзгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты