Сооронбай Жээнбеков ​театрларды каржылоого көмөктөшүүгө убада берди

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын абалы менен таанышты.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков маалымдагандай, имаратты оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык-техникалык базасын жаңылатууга 76 млн ашуун сом керек.

Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов ал театрды капиталдык оңдоп-түзөөгө 114 млн дон ашуун сом керек экенин билдирди.

Президент эки театрды каржылоо маселесин чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн убада кылды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты