Франциянын сыймыгы болгон ири чиркөө өрттөндү (Видео)

  • 5 лет мурун

Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелге караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түштү.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

850 жыл мурда курулган чиркөөнүн чатырын кармап турган жыгач конструкция күйүп кетти.

Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Ал жакта реконструкция иштери жүрүп жаткан.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Айта кетсек, чиркөөнү бир жылда миллионго жакын турист барып көрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты