​Мюнхен шаарында кыргыз-немис бизнес-форуму болду

  • 5 лет мурун


Германиянын Мюнхен шаарында, 15-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда кыргыз-немис бизнес-форуму өттү.

Бул тууралуу Президенттин басмасөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөдү, кыргыз жана немис ишкерлери өздөрүнүн бет ачарлары менен тааныштырышты.

Кыргызстандын Бавариядагы Ардактуу Консулу Тюрингии Райнхольд Крэммель бавариялык бизнес-коомчулуктун атынан Президент Сооронбай Жээнбековго форумга катышканы жана мазмундуу сөзү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Германиянын бизнес компаниялары ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жай жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлду.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты