​Кулматов менен Ибраимовдун соту 17-апрелге жылды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбордун экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун сот отуруму ачылып, ал 17-апрелге жылдырылды.

Сот ишинин кайрадан жылдырылышы айыпталуучулардын биринин жактоочусунун келбей калгандыгынан улам болду.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана башкалар Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси, коррупция боюнча айыпталууда.

Тергөө аларга жалпы суммасы 12 млн 160 миң 641 сом каражатты ысыраптоо боюнча айып коюуда. Албек Ибраимовго “Дастан” ишканасындагы жана борбор шаардагы жер бөлүштүрүү боюнча да айып коюлган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты