​Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады

  • 5 лет мурун

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынууда, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштаганын КР Өкмөтү кабарлады.

Кыргыз-казак чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан) шаарына жөнөтүлгөн. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары бул маселе боюнча иштешкен.

Казак тарап 5-апрелден тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Белгилец кетсек, кыргыз-казак чек ара бекеттериндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна Казакстан тараптан кылдат текшерүү себеп болуп жаткан.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты