​Депутат Шайназаров: «Калыс Жумаканов эшек бизнесинин башында турат экен»

Депутат Тынчтык Шайназаров бүгүн, 4-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында эшек бизнесинин маселесин дагы көтөрдү.

—Мен баягы эле Мады айылындагы эшек бизнеси тууралуу айтайын. Бир ай мурда намысыңарды ойготконго аракет кылдым эле. 9 айдан бери ушул маселени көтөрүп келатам. Бирок жабылган жок.

Жумаканов мыйзамдуу деп айтты эле. Көрсө Жумакановдун өзү ошол эшек бизнесинин башында турат экен.

Андай тыянкка келгенимдлин себеби мындай: 22-январда бажыда, Кытай менен чек арада, контрабанда кармалып жатат, анда 27 миң ондатра, 1570 эшек териси чыгып атат. Буга ветеринардык кызмат кол койгон актыда 16 миң гана ондатра бар деп жазылган экен. Ага Жумаканов өзү кол коюп атат, “Токойлуу сай” ЖЧКсы. Ал жактан 40 мин ондатра, 1570 эшектин териси же 11 тонна чыгып атат.

Кыргызстанда 40 миң ондатра барбы? Болбосо, ал ондатра кайдан алынып келинген. Эшектин терисинин этин жок кылуунун актысы кайда? Бааларын айтпай эле коёюн.

Финполицияда ошонун өндүрүшү, кылмыш иши тергелүүдө. Мен мурла суранып келдим эле, бүгүн талап кылам. Кылмыш жообуна тартылсын, — деди Тынчтык Шайназаров.

Айта кетсек, депутат Шайназаров парламентте 6-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылындагы эшек фермасына байланыштуу көйгөй тууралуу буларды билдирген эле:

—Кара-Суудагы Мады айылы Курманжан датканын ордосу болгон. Мына ошондой ордолуу жерге шек келтирип, эшек фермасын уюштуруп жатышат.

Кыргыздын жети атасы эч убакта эшек сатып байыган эмес.

Мады айылындагы эшек фермасы боюнча 2018-жылы да кайрылгам.

Эшек багуу санитардык талаптарга каршы келип, коомдук жайларга ыпластыкты таратып жатат. Эшектин тарпы, үймөгү коомдук жайларды, төрөт үйүн, мектепти каптоодо.

Эшек ферманы жабуунун ордуна, Оштон дагы бир фермасын алып келип, кеңейтип жатышат, -деген Шайназаров.

Ал эми парламентте 6-мартта депутатка жооп иретинде Ветеринария жана фитосанитария мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов мындай жооп узаткан:

—Эшек дагы жылкы тукумуна кирген жаныбар экен.

Ошол жылкы тукуму, эшек багуу боюнча ферма уюштурулган. Ферма жеке менчик болуп эсептелет.

Анын үстүнө эшектин териси баа болот экен.

Фермада санитардык талаптарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, өткөн жылдагыга караганда оңолду, -деген Жумаканов.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты