Социалдык тармактарда Максим Бакиевдин жаңы сүрөтү пайда болду

  • 5 лет мурун

Instagram социалдык тармагында @nomad9990 аккаунту Максим Бакиевдин жаңы сүрөтүн жарыялады. Бул аккаунт Максим Бакиевдин өзүнө таандык экенин Максим деген атынан болжоого болот.

Ал посттон Максим Бакиев Лондондо джиу-джитсу боюнча алтын медаль алганын көрүүгө болот. Сүрөттүн астына «Максим, куттуктайбыз!» деген досторунун, «Рахмат!» деген Максимдин жоопторун көрүүгө болот. Ошол эле досторунун ичинен «Макс 120 кыргыз баланы өлтүргөн» деп жазылган комментарийлерди дагы окууга болот. Аккаунт жабык болгондуктан ал жакка бейтааныш адамдар комментарий жаза албайт. Демек, бул комментарийлерди анын достору эле жазган деп түшүүгө негиз берет.

Көп өтпөй эле бул пост өчүрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты