​Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Айтымында, 2019-жылы 20-мартта ИИМдин Тергөө кызматына 2010-жылдын 6-7 –апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча М.Ч. аттуу жаран кайрылган.

Фарид Ниязов жана башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан пайдаланып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, дарылатпай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышкан.

Бул арыз ИИМде 2019-жылдын 20-мартында катталган жана материалдар Башпрокуратурага жиберилген.

2019-жылдын 20-мартында Башпрокуратура М.Ч.нын арызын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда.

2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн бул кылмыш ишин өткөрүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты