​Казакстанда тик учак кулады

  • 5 лет мурун

Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы кыйрады.

Министрлик курмандыктар бар экенин, жабыр тарткандардын абалы такталып жатканын билдирди.

Тик учак Актаудан Чымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон.

Казакстан Коргоо министрлиги учуу «Алтын жебе» атайын бөлүгүнүн машыгууларынын алкагында, караңгыда жана татаал метеорологиялык шартта жүргөнүн белгиледи.

Атайын комиссия түзүлүп, кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына кырсыктан экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирип, маркумдардын жакындарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты