​»Коопсуз шаар»: «112» уюлдук тиркемеси ишке киргизилүүдө

  • 5 лет мурун

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында сыноо иретинде «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө.

Бул тууралуу Өкмөттөгү жыйында уюлдук тиркемени иштеп чыгуучулар билдиришти.

Уюлдук тиркемени Google Play аркылуу жүктөп алууга болот. Ал азырынча Android операциялык тутумунун базасындагы жабдууларда иштейт.

Тиркемени иштеп чыккандардын маалыматы боюнча, кырсыктарга жана коомдук тартипти бузууларга күбө болгон ар бир жаран сүрөт, аудио жана видео материалдарды тартып алып, аларды «112» линиясына билдирүү аркылуу жөнөтөт.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң, жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп кайтарууга жооптуу орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш.

Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары окуя болгон жерге барып, ыкчам жооп кайтарышат», — деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жооп кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Картайганов.

Учурда сыноо иретинде «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде киргизилип жатат. Андан кийин толук кандуу колдонууга берилет.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты