​Толкунбек Абдыгулов:“Эсептик-чен өлчөм төмөндөтүлдү”

Бүгүн, 26-февралда, Улуттук банк жетекчилиги пресс – конференция өткөрдү.

Анда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эсептик ченди төмөндөтүүнүн себептерин түшүндүрүп, “Мобильник” төлөм системасынын абалы жана өзүнүн ссудасы жөнүндө суроолорго жооп берди.

Улуттук бан башкармалыгы 2019-жылдын25 – февралында эсептик чен өлчөмдү 4,5 пайызга төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

Чечим 26 – февралдан тартып күчүнө кирет. Мындай чечимге келүү себебин Толкунбек Абдыгулов төмөндөгүчө түшүндүрдү:

“Бул чечим бүгүнтөн баштап күчүнө кирет. Инфляция жана экономиканын келечекте өсүшү боюнча болжолдорго негизделип аталган чечим кабыл алынды. Кыргызстанда бүгүнкү күндө инфляция төмөн деңгээлде калууда”, — деп билдирди төрага.

Ал эми Кыргызстандын экономикасынын негизги секторунда туруктуулук сакталып жатат дейт Абдыгулов:

“Экономиканын негизги секторлорунда туруктуулук сакталууда. 2019 – жылдын январь айында ички дүң өнүм 6,4 пайызды түзгөн, ал эми “Кумтөр” боюнча маалыматты эске албаганда 1,9 пайыз чегинде калыптанган. Өлкөгө которулган акчалардын саны өскөн, 2018 – жылы 5,5 пайызга жогорулаган”, — деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Эсептик ченди төмөндөтүүнүн пайдасы кандай?

Кредиттик аукцион ушул эсептик ченемдин негизинде ишке ашырылаарын билдирди төрага:

“Жакында кредиттик аукциондор башталат. Улуттук банктан карызга акча алганда ушул эсептик ченди колдонушат. Өкмөттүн фермерлерди колдоо жетинчи программасы башталат. Анда банктар өздөрүнүн акчасын колдонуп кредиттерди берет. Өкмөт субсидия аркылуу кредиттинпайызын төмөндөтөт. Анан коммерциялык банктарда акча жетишпегенде кредиттик аукцион аркылуу Улуттук банктан акча алат. Ала турган акчанын пайызы эсептик ченге негизделет. Демек, андан ары дагы кредитти ала турган жарандар үчүн дагы кредиттин пайызы төмөн болот”, — деп түшүндүрдү Толкунбек Абдыгулов.

Эсептик чен – акча- кредиттик саясатында негизги курал болуп саналат. Ал канчалык төмөн болсо, кредиттин пайыздары дагы төмөн болот. Ал өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына, Улуттук банктын жана өкмөттүн экономикалык өнүгүүгө болгон болжолдоруна жараша төмөндөтүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты