Зордуктоого шектүү бешөө эки айга камакка алынды
- 2 года мурун
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери тарабынан зордуктоого шектүү беш киши кармалганын ИИБ басма сөз кызматы билдирген. 1-мартта Свердлов райондук соту кармалган бешөөнү 28-апрелге чейин камоо чечимин чыгарды.
Милицияга 28-февралда О.Г. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, аны 27-февралдан 28-февралга караган түнү беш киши зордуктаганы боюнча чара көрүүнү суранган. Аны көңүл ачуу жайлардын биринен күч менен алып кетишип, зордукташканы айтылган.
Бул арыз боюнча Свердлов РИИБ тергөө кызматы тарабынан зордуктоо боюнча кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам көрүлгөн иш-чаранын натыйжасында 2000-жылы туулган Т.К., 2000-жылы туулган Б.С., 2021-жылы туулган Э.Т., 2000-жылы туулган Б.Ж. жана 2001-жылы туулган Ж.Т. кармалган.
Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Севрдлов райондук сотунун чечими менен кармалган шектүүлөр эки айга, 28-апрелге чейин камакка алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




