Жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке казинодон канча акча түшкөн?

  • 4 недели мурун

Ушул жылдын август айында Кыргызстандын бюджетине казинодон түшкөн каражат 43 млн сомду түздү. Бул тууралуу Kaktus.kg Финансы министрлиги берген маалыматтарга таянып, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан жыл башынан бери (январь-июль) бюджетке казинодон 172 миллион 97,7 миң сом түшкөн.

«Кыргызстанда кумар оюндарынын бардык түрүнөн түшкөн пайда 181 миллион 259,2 миң сомго жетти»,-деп жазылган медианын маалыматында.

Эске сала кетсек, 2022-жылы 30-июнда президент Садыр Жапаров казинонун ишине уруксат берген мыйзам долбооруна кол койгон. Ошондон бери өлкөдө казино иштетүү мыйзамдуу болуп эсептелет.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты