Журналисттерди отургузбастан, бак отургузуш керек. ЖМК акциясы өттү

Бүгүн, маалымат жана басма сөз күнүндө Бишкекте журналисттер Журналисттер аллеясына бак отургузуу акциясын өткөрүштү. “Журналситтерди отургузбастан, бак отургузуу керек” дешти ЖМК өкүлдөрү.  

Бүгүн – 7-ноябрда өлкөдө маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Өлкө сөз эркиндигинин абалы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыда деп саналганы менен, соңку жылдарда эксперттердин жана дүйнөлүк медиа уюмдардын баасы боюнча журналисттерге, блогерлерге кысым күчөдү.

Азыркы тапта Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир катар журналисттер жана блогерлер камакта жатат. Андан мурдараак иликтөөчү журналист Болот Темировдун, Next TV телеканалынын айланасындагы соттук иштер чоӊ талкууларды жараткан. Ал эми «Азаттык» радиосунун интернет сайтына бөгөт коюлуп, банктык эсебинин убактылуу токтотулушу медиа уюмдардын жана журналисттердин сынын күчөттү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты