Журналисттерди коргоо комитети «Клооп Медиасын» жабуу боюнча чыккан сот чечимин сындады

  • 5 месяцев мурун

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстанда «Клооп Медиасын» жабуу боюнча өткөн жумада чыккан сот чечимин сындады. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Өткөн айда коррупцияга каршы күрөшүүчү Тemorov Live басылмасынын журналисттери жапырт камалгандан кийин Борбор Азиядагы таанымал Kloop медианын жабылышы — Кыргызстандын бийлиги иликтөөчү журналистиканын борборун жок кылууну көздөп жатканын ачыктайт. Кыргыз бийлиги Kloop медиага жана башка эркин маалымат каражаттарына ишин улантууга мүмкүнчүлүк берип, сөз эркиндигине каршы өнөктүгүн токтотушу керек», — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы координатору Гульноза Саид.

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты