Журналист Эрнис Кыяз УКМКга кирип чыкканын айтты
- 3 недели мурун
Журналист Эрнис Кыяз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) чакырылып, баарлашып чыкканын айтты. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.
Кыязовдун айтуусуна караганда, баарлашуу бир жарым саат болгон. УКМК кызматкерлери жакшы маанайда сүйлөшүп, стабилдүүлүк болушу керектигин айтышкан.
Журналист Эрнис Кыяз ютуб каналында подкаст алып барат. Ага жакында эле мурдагы прокурор, жоюлуп кеткен Финансы полициясынын жетекчиси болуп иштеген Сыймык Жапыкеев келген. Жапыкеев Октябрь окуялары тууралуу кенен айтып берген. Жапыкеев катышкан подкастты төрт күндө 400 миңге жакын киши көргөн.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




