Журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту журналист Эрмек Аттокуровду үй камагына чыгаргандыгын “Азаттык”  маалымдады.

Бул тууралуу анын жакындары билдирген жана Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы дагы тастыктаган.  

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 1 млн сом опузалаганы үчүн Эрмек Аттокуровду кармаганы маалымдалган.

“Чүй облустук ички иштер башкармалыгына А.Э. аттуу жаран Т. А. аттуу жаран менен сүйлөшүп алып, укук коргоо кызматкеринен 1000 000 сом опузалаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облустук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси, опузалоо боюнча кылмыш иши козголгон.  2024-жылдын 8-февралында  Чүй облусунун кылмыш иштерди иликтөө башкармалыгын жана ыкчам-иликтөө тобунун жана ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан 100 000 сом алып жаткан учурда 1986-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган” деп айтылат маалыматта.

Эрмек Аттокуровдун мурда НТС телеканалында иштечү.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты