Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча активист Роза Маманова суракка чакыртылды

  • 2 года мурун

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча активист Роза Маманова суракка чакыртылды. Бул тууралуу Роза Маманова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал суракка чакыруу катынын сүрөтүн жарыялаган. Анда аны кечээ, 26-апрелде күбө катары суракка чакырылганын көрүүгө болот.

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында каза болгон. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген. Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин Батмакан Жолболдуева кармалган. Кийинчерээк Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты