Жугуштуу дарттар ооруканасында орун жок. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланды
- 2 года мурун
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен 4245, сасык тумоо менен 16 бейтап катталган.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов президенттик администрацияда өткөргөн кеңешмеде айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мектептер менен бала бакчалар толук кандуу иштей баштаган окуу сезону жанданаар алдында респиратордук инфекциялардын жайылышынын күчөшүнө жол берилбестигин белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды дайыма көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиеванын “Биринчи радиого” айтканына караганда, аталган ооруканада 606 бейтап дарыланып жатат. Анын айтымында, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы 500 гана бейтапка ылайыкташкан, бирок кайрылгандар көп болуп, бейтаптар коридорго да жаткырылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




