Жоомарт Карабаевдин ишин кароо боюнча соттук отурум жылдырылды
- 2 года мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум өтмөк. Соттук отурум кийинкиге жылдырылганын Карабаев “ПолитКлиника” медиасына билдирди.
“Жактоочум Акынбек Ногоев учурда башка соттук отурумга катышып жатканына байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылды. Кайсы күнү өтө турганы белгисиз” деди Карабаев.
31-октябрда Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарды.
Эске салсак, Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын тапшырмасы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан эле.
Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




