Жоокердин сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды
- 12 months мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттүү аскер кызматкери, катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткырылгандыгы тастыкталган.
Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылып, анда 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык
негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т. Га чара көрүүнү суранган.
7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынды.
Иллюстрациялык сүрөт.