Кыргызстандык эки бала Ирактан Мекенге кайтарылды

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 13-17-май аралыгында Иракта калып калган эки баланы Мекенге кайтаруу иштери боюнча жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада ал балдар Кыргызстанга алынып келинди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 18-майда билдирди.

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун Ирак Республикасына иш-сапары уюштурулуп, аталган балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында КР тышкы иштер министрлигинин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир мекеменин компетенциясына кирген эки тараптуу маселелер талкууланды.  Ошондой эле жумушчу топтун ишин жеңилдетүүгө көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн Ирактын компетенттүү орган жетекчилерине ыраазычылык айтылды.

Кыргызстандык эки бала Ирактан Мекенге кайтарылды

Сүрөттө: Иракта сот Хусам Абдулкарим менен жолугушуу. ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты