Жолду тейлөө ишканалары жолдорду кардан тазалоодо

  • 1 месяц мурун

Транспорт жана коомуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкө аймагындагы жолдорго күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик билдиргендей, жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалоодо.

№957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол жээктерин автогрейдердин жардамы менен кар күрткүдөн тазалоо иштери аткарылды.

№36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр -Талас -Тараз автожолун кардан тазалоо кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат.

№24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 160-243-чакырым аралыганда кар тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Каттам бар.

№ 47 Жол тейлөө ишканасы тейлеген унаа жолдордо кум-туз аралашмасын чачуу иштери уланууда.

№27 Жол тейлөө ишканасы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун 100-180-км, Красная-Горка-Ак-Таш жолунун 0-12-км жааган карды тазалап, кооптуу участкаларга инерттик материалдарды чачуу жумуштарын жүргүзүүдө. Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолундагы кар көчкү толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Иллюстрациялфк сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты