Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду

  • 7 месяцев мурун

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек-күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетти. Ал 60 кг чейинки салмак категориясында чыкты.

Биринчи беттеште Шаршенбеков Литванын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки раундда грузиялык балбанды жеңип алды.

Финалга чыгуу үчүн таймашта өзбекстандык балбан менен беттешип, аны 10:0 эсебинде жеңди.

Шаршенбеков жарым финалдык беттеште ирандык спортчуну 4:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

23-сентябрда чечүүчү кармашта кыргызстандык жапониялык Кеничиро Фумитага каршы күрөшүп, Токиодогу Олимп оюндарынын вице-чемпионун жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Ал өткөн жылы Сербияда да алтын медалга ээ болгон.

Шаршенбеков алтын медалдан тышкары Париж Олимпиадасына жолдомо да алган.

Буга чейин Акжол Махмудов Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону аталып, алтын медалга татыды. Акжол Махмудов алтын медаль үчүн болгон беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду утуп, экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды. Кыздар арасында Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.

Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова Париж олимпиадасына жолдомо алышты.

Сүрөт: UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты