Жол кырсыгынан жети киши каза тапты
- 3 года мурун
Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында, Кара-Суу районунда «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алдын-ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 киши каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле алтоо Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).
Жол кырсыга болгон жерге Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.
Муну бөлүшүү