Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзбөгөндүгү аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, 15-январында  ИИМдин Ош облусу боюнча  ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө  Ош облусу боюнча  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Ж.У.А. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка  адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты