Чүй облусунда жол эрежелерин бузууга жана бейбаштыкка шектүүлөр кармалды
- 2 месяца мурун
4-мартта саат 22:42дө Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Ак-Жол айылында, стационардык посттун жанында, жол эрежелерин бузуу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя боюнча тергөө-ыкчам тоб чыккан.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча, саат 22:20да К.Ж. аттуу жаран ВАЗ 2106 унаасын мас абалында башкарып, М.А. жана А.А. аттуу жүргүнчүлөр менен бирге Бишкек–Манас автоунаа жолунун МАИ постунунун жанында жол эрежелерин бузганы аныкталган.
Жол кымылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери радиобайланыш аркылуу унаа жүргүнчүсү кырсык коопсуздугун жаратып, милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбей жатканын билдирген. К.Ж.га унааны токтотууну талап кылганда качып кеткен. Аны милиция кызматкерлери артынан кубалаган.
Кубалоо учурунда К.Ж.нын унаасы Renault Logan жана Chevrolet Cobalt эки кайгуул унаага кагылып, алардын бамперлерине зыян келтирген. Андан соң айдоочу жана жүргүнчүлөр ар башка багытта качууга аракет кылган. Милиция кызматкерлери абага эскертүү ок чыгарган. Эки жаран ошол жерден кармалды, К.Ж. кызматкерге карата күч колдонуп, каршылык көрсөткөн, ар-намыс сөздөрүн айтып, инспектор И.М.нын формалык кийимин жырткан. Үчүнчүсү бир саат өткөн соң кармалды.
Наркологдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, айдоочу К.Ж. жана М.А., А.А. аттуу жарандар баңгизат заттар жана алкоголдук ичимдиктер колдонгондугу аныкталды.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр – 2002 жылы туулган К.Ж., 1999-жылы туулган М.А. жана 2001-жылы туулган А.А.кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланып жатат.


Сүрөттөр: Чүй ОИИБ




