Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу: “Тендер деген болбош керек”
- 4 недели мурун
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, тендерди жоюу керектигин билдирди.
“Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы, кандай гана курулуштар болбосун, бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш иштери кечеңдеген учурлар арбын. Ошондуктан, тендерге тиешелүү мыйзамдарды карап, аталган маселени толугу менен алып салышыбыз кажет. Тендер деген болбошу керек. Ошондо иштин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт” деди төрага.
Аталган маселе боюнча төрага резидент менен да кеңешкенин айтты. Министрлер кабинетине тез арада тендер өткөрүүнү жоюу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү суранды..
“Мындан эки жыл мурда да бул маселе көтөрүлүп, айтканбыз. Бирок көз боёмочулук менен кайра эле аталышы өзгөртүлүп, мааниси ошол бойдон калыптыр. Андыктан, аталган көйгөй тез арада чечилиши керек. Тендери жок эле курулуштар жүргүзүлүп, түз сатып алуулар болушу кажет. Эгер ошондо катачылыктар кетсе, тиешелүү мекеме жетекчилери өз баштары менен жооп берет” деди Тургунбек уулу.
Сүрөт: kenesh.kg




