Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев иш сапары менен Россияга барды
- 7 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россияга иш сапары менен барды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат жарыяланды.
Төраганы депутаттар Талант Мамытов, Гүлнара Баатырова, Гуля Кожокулова, Гүлнара Акимбаева, Жумабек Салымбеков, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская коштоп барышты.
Аэропорттон Жогорку Кеңештин делегациясын Россия мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Алгач делегация Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болду. Аларга эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.
«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет» деди Маматалиев.
Андан соң Кыргыз Республикасынын көргөзмө-соода борборунда Марлен Маматалиев делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен төрага Маматалиев Россиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
Сүрөт: kenesh.kg




