Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткен облусунда жүрөт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңешинин депутаттары Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда. Учурда Лейлек районунда Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, ал эми Баткен районунда Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков жана Нурлан Ражабалиев жүрөт.   

Депутаттар Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан улам жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам жөнөтүү иштерине көмөк көрсөтүп, жергиликтүү тургундар менен да жолугушууларды өткөрүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты