Чек ара кызматы: «Тажик тарап Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты»

  • 2 года мурун

Тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атууну токтотуу келишимин бузуп, саат 12:37де миномет жана артиллериялык курал менен Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылай баштаган. Мындан улам кыргызстандык жоокерлер иретинде ок чыгарган. Бирок абалды курчутпоо үчүн атышууну биринчи болуп токтоткон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты