Чек ара чырынан жабыркаган жарандардын саны 103кө жетти

  • 2 года мурун

Чек ара чырынан жабыркаган жарандардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

  1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;
  2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;
  3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу;
  4. ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу;
  5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу;
  6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу;
  7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты